ADAPTATION AND VALIDATION OF A KYRGYZ VERSION OF THE CONFLICT COMMUNICATION SCALE
ИНСАН АРАЛЫК КОНФЛИКТ ЧЕЧҮҮ СТРАТЕГИЯЛАРЫ ШКАЛАСЫН КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНА ЫЛАЙЫКТАШТЫРУУ

Author : Hasan Yılmazyaşar -- Cıldız MAMIROVA
Number of pages : 57-79

Abstract

Конфликт түшүнүгү башка бирөө менен бирдей пикирде болбоо, чечим чыгаруу кыйынчылыгы, жетишсиз коммуникация, ой-пикирлердин келишпестиги, күч жана түшүнбөстүктү билдиргени менен жаратмандык жана конструктивдик иш-аракеттин булагы болуп, жаңылануу, өнүгүү жана бар болуунун негизги шарттарынын бири катары эсептелет. Жашоонун бардык тармагына тиешелүү болгондугу үчүн инсан аралык конфликт чечүү ыкмалары коомдук илимдерде көптөгөн изилдөөнүн предмети болуп келген. Акыркы жылдары илим жана билим берүү чөйрөсүндө дагы дүйнөгө шайкеш келүүгө аракет кылган кыргыз коомчулугунда олуттуу өксүктөрдүн бири илим изилдөөдө берилиш (маалымат) топтоо жаатында валиддүү жана ишенимдүү өлчөө каражаттарынын жокко эсе болушу. Бул изилдөө иши коомдук илимдердин дээрлик бардык салаасында конфликт чечүү боюнча жасала турган изилдөөлөрдө колдоно ала тургандай өлчөө каражатын кыргыз маданиятына киргизүү максатын көздөйт.Изилдөө ишинде бир маданиятта иштелип чыккан өлчөгүч каражатты (шкаланы) башка маданиятка ылайыкташтыруу иши талап кылган процедуралар аткарылган. Тагыраак айтканда, өлчөгүчтүн түп нускасын адаптациялоо уруксаты алынып, котормо иштери жүргүзүлүп, бул котормолордун ишенимдүүлүгү боюнча тиешелүү анализдер жасалган. Эксплоратордук жана конфирматордук фактор анализдери үчүн ылайык үлгү топ аныкталып алып, түзүлгөн моделдер тиешелүү статистикалык ыкмалар менен сыноодон өткөн. Бул изилдөөдө үч башка үлгү топтон маалымат алынган. Биринчи үлгү топ котормонун ишенимдүүлүгүн сыноо максатында түзүлгөн. Экинчи топ эксплоратордук фактор анализин жүргүзүү үчүн жана үчүнчү топ конфирматордук фактор анализине берилиш чогултуу максатында түзүлгөн. Бул үч топ жалпысынан 804 кишиден турат. Изилдөө иштеринин натыйжасында “Инсан аралык конфликт чечүү стратегиялары” шкаласынын кыргызча версиясынын жүктөрү алган маанилер “Беттешүү” параметри боюнча 0.740 – 0.903, “Коомдук же жеке жорук” параметри боюнча 0.828 – 0.929, “Эмоциялык билдирүү” параметри 0.677 – 0.870, “Жандоо же качуу” параметри 0.574 – 0.854 жана “Өзүн ачуу” параметри боюнча 0.623 – 0.806 болгондугу аныкталган. Шкаланын кыргызча версиясынын шайкештик сапатын анализдөөнүн натыйжасында хи-квадрат 275.169, эркиндик даражасы 171 (p<.000); хи-квадрат/эркиндик даражасы = 1.609; салыштырмалуу шайкештик индекстери NFI 0.953, TLI 0.962, IFI 0.968, RMSEA 0.023, GFI 0.950, AGFI 0.954 жана RMR 0.033 көрсөткүчтөрү аныкталган. “Инсан аралык конфликт чечүү стратегиялары” шкаласынын кыргызча версиясынын Кронбахтын альфа критерийи боюнча ички ырааттуулук коэффициенти болсо беш параметр боюнча 0.903төн 0.964кө чейинки маанилерди алгандыгы аныкталган. Алынган натыйжалардын негизинде “Инсан аралык конфликт чечүү стратегиялары” шкаласынын кыргызча версиясы кыргыз педагог-изилдөөчүлөрдүн колдонуусуна татыктуу валиддүү жана ишенимдүү каражат экендигин айта алабыз.

Keywords

инсан аралык конфликт, конфликттик жүрүм-турум, шкаланы адаптациялоо, фактор анализи

Read: 1,205

Download: 400